Жаңылыктар
Кыргызстанда доллар баасы 80 сомго жетти
Экономика
Кыргызстанда доллар  баасы 80 сомго жетти

Кыргызстанда доллар кайрадан кескин көтөрүлүп, наркы 80 сомго жетти.

Азыр ал 79,8-80,05 сомдон сатылып алынып, 80,1-80,3 сомдон сатылууда. Жарым күндүн ичинде ал 40 тыйынга кымбаттады.

Номиналдык чен Улуттук банк тарабынан 79,6579 сом менен белгиленди (өсүш - 0,05 пайызга).

Орус рубли дагы бир аз кымбаттады. 1,02-1,035 сомго сатып алынып, 1,045-1,05 сомго сатылууда. Расмий курс 1,0307 сомду түзөт (өсүш 1,14 пайызга)