Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4 пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок.
Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын башчысы полковник Абдулнасир Закиров маалымдады. “2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 265 өрт кырсыгы катталган, ал эми өткөн жылы ушул эле аралыкта 355 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 25,4% азайган. Быйыл өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттү өчүрүүдө 2 адам өмүрү жана 877 млн. 218 000 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган”, -деди ал. Болуп өткөн өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 18 млн. 708 мин 323 сомду түзгөн.
Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:
- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан –89 (33,6%);
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 30 (11,3%);
- балдардын от менен ойноосунан – 44 (16,6%),
- мештерди жана морлорду колдонууда этиятсыздык – 14, (5,3%);
Өрт болгон негизги обьектилер:
- турак-жай сектору - 181 (68,3%)
- автоунаа, гараж, - 30 (11,3%)
- ачык аймак - 18 (6,8%)
-өндүрүш обьектилери - 9 (3,4%)
- кампалар, соода бөлмөлөр 7 (2,6%)
Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:
- Жалал-Абад шаарында -28;
- Кара-Көл шаарында- 8;
- Майлуу-Суу шаарында-7;
- Таш-Көмүр шаарында -15;
- Аксы районунуда- 22;
- Ала-Бука районунда- 14;
- Базар-Коргон районунда- 21;
- Ноокен районунда -43;
- Сузак районунда -71;
- Тогуз-Торо районунда -4;
- Токтогул районунда -26;
- Чаткал районунда- 6 өрт кырсыгы катталган.
Жалпы 265 өрт кырсыгынан 181 өрт кырсыгы турак-жай секторунда катталган.