Жаңылыктар
Өлкөдө сасык тумоо күч алды
Ден соолук
Өлкөдө сасык тумоо күч алды

Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө. 2015-жылы январь айынын башында миңден ашуун бейтап ооруканага келсе, быйыл жыл жаңыраары менен10 күн аралыгында 2 миңге жакын  адам кайрылган. Бул көрсөткүч узаган жылга салыштырмалуу сасык тумоологондордун саны эки эсе өскөнүн билдирет. 


Мисалга Ош жергесинде ооруга кабылгандардын саны,  былтыркыга салыштырмалуу 3 эсеге өскөн. Акыркы 2 аптада Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына сасык тумоого чалдыккан 2 миңдей бала түшкөн. Алардын ичинен 908 бала жаткырылган. Ооруканада орун жетишпегендиктен, кошумча жата турган керебеттер коюлууда.

Сасык тумоодон каза болгондор да кездешүүдо. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дарыланып жаткан аял киши  каза болгон. Ал эми, Нарын облусунда ушул эле айда 254 адам сасык тумоо илдети менен катталып, алардын бирөөсү каза болгон. 

Бул илдет менен кайрылгандардын басымдуулугун өспүрүмдөр түзөт. Оорукананын балдар бөлүмүндө 40 орун болсо, учурда бейтаптардын саны андан көп болууда. Бирок, медицина кызматкерлери бул маселени алдын алып, жоюунун үстүндө иш алып барууда. Бул жылы оорунун белгилери да адаттан өзгөчө козголуп, дарылоо жагы дагы кыйын болуп жатат дешет дарыгерлер. 

 

Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө сасык тумоо менен бирге ботулизм оорусуна кабылгандар да катталды. Тамакка ууланган беш бейтап учурда Нарын облустук ооруканасында дарыланып жатат . Дарыгерлердин айтымында, кырдаал акырындык менен жакшы жагына өзгөрүүдө.