Жаңылыктар
Нарын: кышка даярдык күчүндө
Аймак
Нарын: кышка даярдык күчүндө

Кышы катаал Теңир-Тоо жергесинде аба ырайы кескин бузулуп, тоолуу өрөөндөргө кар түштү. Ошондой эле калктуу конуштарда сууктун күчү түнкүсүн минус беш - он градуска чейин жетүүдө. 

Андыктан облус жана район борборлорундагы көп кабаттуу үйлөргө жана ишкана - мекемелерге жылуулук алты күнгө эрте берилди. Жеке менчик үйлөрдүн тургундары да отун-сууну белендеп алууга ашыга баштады.