Жаңылыктар
Ак-Буура дарыясына бир тууган өспүрүм балдар чөгүп кетишти
Кырсык
Ак-Буура дарыясына бир тууган өспүрүм балдар чөгүп кетишти

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына эки өспүрүм бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Маалыматка караганда 13 жаштагы баланын жансыз денесин кыргыз-өзбек чек арасындагы торчодон таап чыгышкан. Ал эми 10 жаштагы баланын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылгандыктан, ата-энеси сөөктү алып чыгуу үчүн кетишкен. 

Тартип сакчыларынын маалыматында, 21-июнда болжол менен 16:30 чамасында бир туугандар Абдулла жана Азамжан Амракуловдор Жаңы-Кыштак айылына жакын жердеги Ак-Буура дарясынын жээгине барышкан. Кичүүсүнүн бут кийими сууга түшүп, аны кармап калууга аракет кылганда өзү да түшүп кеткен. Бул учурда агасы аны куткаруу үчүн сууга боюн таштаган. 

Дарыядагы сууга экөө тең чөгүп кеткен. Бул окуя, эң кичүү инисинин көз алдында болгондуктан, баарын ата-энесине айтып берген. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 2016-жылы республика аймагындагы көлмөлөргө 31 адам чөккөн. Анын төртөө Ош шаарында катталган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118