Жаңылыктар
Бүгүн 23-июнь - мамлекеттик кызматкерлердин күнү (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн 23-июнь - мамлекеттик кызматкерлердин күнү (жаңыланды)

Бүгүн 23-июнь - мамлекеттик кызматкерлердин күнү. Кесиптик майрамга байланыштуу, мамлекеттик кызматта татыктуу иш алып барган 73 кызматкер - “Мамлекеттик кызматтын отличниги” төш белгиси менен сыйланды. 

Ошондой эле, 64 кызматкер "Ардак грамотага" ээ болду. Майрамдык салтанатка Президенттин жана Өкмөттүн аппарат өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш жана мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер катышып - мамлекеттик кызматты аркалоо өлкө бүтүндүгүн сактоого барабар экенин белгилешти. 

Мамлекеттик кызматсыз жалпы ишти алдыга жылдыруу кыйын экенине токтолгон жыйындын катышуучулары сыйлык ээлерин куттуктады. Ал эми, Президент Алмазбек Атамбаевдин баардык мамлекеттик кызматкерлерди куттуктаган сөзүн Президенттик аппараттын өкүлү Алмаз Мусабеков окуп берди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118