Жаңылыктар
Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча рейд өттү
Аймак
Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча рейд өттү

14-октябрда Ош шаарынын "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгында шаардык Жарандык коргонуу штабынын протоколдук буйругуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана нормаларды сактоо зарылдыгы боюнча рейд өткөрүлдү. 

Ага муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилиги, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, салык кызматынын, ветеринардык инспекциянын жана Мамэкотехинспекциянын адистери катышты. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлеринин арасында, санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Жыйынтыгында Шакиров көчөсүндөгү 15ге жакын коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү жана тейлөө жайлары текшерилип, карантиндик эрежелерди, анын ичинде беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо эрежелери боюнча мурда эскертилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга административдик айып салынды. Ушул жылдын 25-сентябрынан 14-октябрына чейин гана коомдук тамактануу, соода жана тейлөө багытындагы 475 объект текшерилип, анын жүрүшүндө санитардык талаптарды бузгандарга 132 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Айта кетсек, шаардын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыгында тиешелүү мобилдик топтор түзүлүп, эл көп чогулган жерлерди текшерип турушат.