Жаңылыктар
БШКнын жаңы мүчөлөрү шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
БШКнын жаңы мүчөлөрү шайланды

Жогорку Кеңеш бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлады. Көрсөтүлгөн 12 талапкердин баары депутаттар тарабынан ашыкча талкуусуз, суроо-жоопсуз электрондук добуш берүү аркылуу бекитилди. 

БШКнын төрт мүчөсү Президент тарабынан сунуштаган. Алар Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, экс-депутат Бахтияр Кадыров жана Нуржан Шайылдабековалар. Көпчүлүк коалиция 4 талапкерди сунуштаган. 

Алар: КСДП фракциясы сунуштаган Адилет Сатыгулов, “Кыргызстан” экс-депутат Акылбек Эшимовдун, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы да мурдагы депутат Назарали Ариповдун жана “Ата Мекен” фракциясы БШКнын азыркы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын талапкерлигин көрсөткөн. 

Оппозициялык фракциялар да 4 талапкерди сунуштады. “Бир бол” фракциясы экс-депутат Абдыжапар Бекматов менен Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын проректору Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин, ал эми “Республика – Ата Журт” фракциясы Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиеванын талапкерлигин көрсөттү.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118