Жаңылыктар
Альгимантас Видугиристин көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак
Маданият
Альгимантас Видугиристин көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак

Чет жерде төрөлүп, бирок бүт өмүрүн Кыргызстанга арнаган советтик режиссер Альгимантас Видугиристин көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. 

Кыргыз кинематографиясын түптөөгө жана бир кездеги “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу 21-июнда жарык дүйнөгө келген. 

75 жаш курагында узака созулган катуу оорудан улам көз жумган. “Көз айнекчен бала”, “Күнгө кайрылуу”, “Кумдагы чептер” тасмалары совет доорундагы замандаштарынын элесинде түбөлүккө сакталган.