Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы жарнак такталары алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы жарнак такталары алынат

Бишкек шаарындагы 300гө жакын жарнак такталарынын алынышы менен, шаардык бюджет 38 миллион  сомдун тегерегиндеги кирешеден кур калат. Бул туурасында ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Урмат Сатаров билдирди. Анын айтымында, ар бир жарнак тактасы үчүн 4-5 миң сом ижара төлөнөт. 

Андан тышкары патент жана социалдык төлөмдөр бар. Аны менен Сатаров бул тармакта иштеген 500гө жакын адам да жумушсуз калаарын айтып, Бишкек шаардык мэриясы маселени ишкерлер менен чогуу отуруп чечиши керек деди. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясы алдыдагы эл аралык манилүү иш чараларга чейин, калаанын негизги төрт көчөсүндөгү жарнактар такталарын алып салуу чечимин чыгарган. Ишкерлер болсо, такталарды алып салууга өтө аз мөөнөт берилгенин айтып нааразы.

Белгилей кетсек, мэрия тарап ишкерлер менен ийри отуруп түз кеңешүүгө даяр. Анткени жарнак такталарынан түшкөн 38 млн сом шаардын анча мынча көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт. Бирок каражат деп эле коопсуздук менен кооздукту унутта калтырбоо үчүн жаңы заманбап жолун табыш керек дешет муниципалдык башкармалык.

Белгилей кетсек, Бишкекте 2000-жылдардан кийин жарнак такталары козу карындай жайнап кеткен. Маалыматтар боюнча алардын саны 800гө жеткенде, атайын текшерүү жүрүп 200дөн ашыгы алынган. Анткени алар эскирип, жолдо жүрүүчүлөргө кооптуу абал жаратат деп бүтүм берилген.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118