Жаңылыктар
Өлкөдө экспорттун көлөмү кыскарды
Экономика
Өлкөдө экспорттун көлөмү кыскарды

Ушул жылдын 8 айында 3 миллион 85 миң доллар суммасында 7 миң 13 тонна алма экспорт болду. Бул тууралуу Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министрлигинин материалдарында айтылат. Былтыркы жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 37,8 пайызга, акча менен эсептегенде 47,3 пайызга азайган. Ал эми буурчак өсүмдүктөрүнүн экспорту 78 миң 778 тоннаны түзсө, чийки пахтанын экспорту 6 млн 961,9 тонна болду.