Жаңылыктар
Кумтөр боюнча кылмыш иши жанданды
Коррупция
Кумтөр боюнча кылмыш иши жанданды

Башкы прокуратура Президенттин тапшырмасынын негизинде "Кумтөр" долбоору боюнча келишимдерди түзүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү жандантты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, "Кумтөр голд компанинин" бир катар жетекчилерине жаңы кылмыш иши козголуп, аларга Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынды.

Президент буга чейин Башкы прокуратурага 2003-2004 жана 2009-жылдардагы Кумтөр менен түзүлгөн келишимдерди жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иликтөөнү жандантуу тапшырмасын берген.

Бул кылмыш ишинин алкагында 303-беренинин 2-бөлүгүнө ылайык, мурдагы премьер-министр Николай Танаев, экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана тышкы соода, өнөр жай министри Жээнбеков, өкмөттүн эксперттик тобунун мүчөлөрү Төрөмырзаев, Белковская жана канадалык "Комеко Голд Инк" жана "Центерра Голд Инк" комнаияларынын мурдагы президенти Леонард Хоменюкка эл аралык издөө жарыяланган. 

Учурда издөө иштери активдештирилип, аларды кармоо жана Кыргызстанга экстрадициялоо чаралары көрүлүүдө. Буга чейин "Кыргызалтындын" мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө аларга мурдагы президенттер Акаев жана Бакиевдер таранын басым болуп жатканын маалымдаган. Бул коррупциялык кылмыштар эл аралык масштабда болгонун эске алып, тергөө жана ыкчам-издөө иштери эл аралык келишимдердеги укуктук механизмдерди колдонуу менен жүргүзүлүүдө.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118