Жаңылыктар
Ошко кирип-чыгууга бир катар чектөөлөр кирди
Аймак
Ошко кирип-чыгууга бир катар чектөөлөр кирди

Ош облусуна жана Ош шаарына кирүүгө жана чыгууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. 

Айтымында, тиешелүү чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү штаб кабыл алган. Райондордун кире беришинде санитардык көзөмөл посттору орнотулуп, дарыгерлер айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн дене табын текшере баштады. "Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча эрежелер дагы киргизилүүдө. 

Тагыраагы, жеңил унааларда үч адамдан көп эмес, кичи автобустарда ондон ашпаш керек», деди Аширбаев. Ошондой эле Бишкек - Ош каттамы боюнча кичи автобустарда жүргүнчүлөрдү ташууга убактылуу тыюу салынды. Ал эми кээ бир райондордо мечиттерде жума намазы убактылуу токтотулду.