Жаңылыктар
Тагдыр чечкен тарыхый бурулуш
Саясат
Тагдыр чечкен тарыхый бурулуш

Тынчтык жана стабилдүүлүк, өлкөнүн бүтүндүгү элдин биримдиги жана коомдун ынтымагы баарынан бийик. Адам баласынын өмүрүнөн кымбат нерсе жок. Ушул ойлор Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетүү чечимин кабыл алууда негизги жөлөк болуп калса керек. 

Эки жума бою өлкөбүздө каршылык акциялары токтоосуз өтүп жатты. 4-октябрда болуп өткөн шайлоолордун алгачкы жыйынтыктары элди көчө-аянттарга чыгарды. 7 пайыздык босогодон аттай албай калган 12 саясий партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары 5-октябрда Ала-Тоо аянтын ээлеп, шайлоонун жүрүшүндөгү болгон мыйзам бузуулар, добуш сатып алуулар, мыйзамдагы кемчиликтер жөнүндө өз ойлорун ортого салды.