Жаңылыктар
"Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн "диктовка" кылганды токтотот деп кепилдик берем", - Садыр Жапаров
Саясат
"Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн "диктовка" кылганды токтотот деп кепилдик берем", - Садыр Жапаров

Президенттин милдеттерин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. "4-октябрда эл өз келечегин, үмүтүн, жаңыланууну жана адилеттүүлүктү тандап, шайлоого барган эле. 

Тилекке каршы, бийлик элдин муктаждыктарына, каалосуна көз жумуп, сокур мамиле кылды", - деп айтылат кайрылууда. Жаңы Премьердин пикиринде, "2020-жылдын күз мезгили улуттук аң-сезимдин кайра жаралуу тарыхында жаңы барак ачты". Жарандар, жашы-карысына, улутуна, саясий көз-караштарына карабай, бир жакадан баш чыгарып мыйзамсыздыкка, административдик ресурстарды колдонууга, добуштарды сатып алууга, жалган жыйынтыктарга каршы чыгышты.