Жаңылыктар
“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Мискенбаевди актоодо
Саясат
“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Мискенбаевди актоодо

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу айтылгандарды төгүндөдү. Алар депутатты жалган каралоо жүрүп жатканын айтышууда. Буга чейин уюмдун айрым мүчөлөрү эл өкүлү  “Кыргыз көмүр” ишканасынан алган каражаттарды өз кызыкчылыгына пайдаланганын айтып айыпташкан эле. Каршылашкан эки тарап тең тиешелүү органдарга кайрылышты.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүбүз деген жарандар депутат Мискенбаевди “Кыргыз көмүр” ишканасынан апрель революциясынын катышуучулары үчүн алынган каражаттарды өз кызыкчылыгына пайдаланды деп айыпташкан. Ыңкылапчыларга көмүрдү таратуунун ордуна аны сатып, 2 миллион сомдон ашык пайда көргөнүн билдиришкен. Бирок, мындай айыптоолорду уюмдун башка өкүлдөрү четке кагышты. Алардын бири Каримжан Стамов “Кыргыз көмүр” өзүндө болгон коррупциялык иштерди айрым адамдарды пайдалануу менен башкаларга оодарып жатканын айтат. 

“Кыргыз көмүр” ишканасындагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мекеменин жетекчиси Мирлан Жакыпов менен анын орун басары Канатбек Ашырбаев кызматынан убактылуу четтетилишкен. Ашырбаев кийинчерээк биротоло бошотулган эле. “Айкөл Ала-Тоонун” өкүлдөрү Эсептөө палатасынын мамлекетке 12 миллион сомдон ашык зыян келтирилген деген корутундусун көрсөтүшүүдө. Депутат Мээрбек Мискенбаев кылмыш иши козголгону менен анын жыйынтыгы болбой жатканын айтат. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында өзүн айыптаган ишкананын мурдагы жетекчилерин сотко бергенин билдирди.

Депутаттын тарапташтары “Кыргыз көмүр” ишканасынан тракторлор үчүн ижара акысы жана акчалай жардамдар алынганын жашырбайт. Айтымдарында ал каражаттар уюмдун муктаждыктарына жумшалган. Ал эми миң тонна көмүр ойдон чыгарылганын айтышууда. “Айкөл Ала-Тоо” менен “Кыргыз көмүр” ишканасынын кызматташуусу 2012-жылы башталган эле. Анда “Кара-кечедеги” баш аламандыктарды бирге токтотууну макулдашышкан. Мындан сырткары кадр тандоодогу конкурстарга, тендерлерге эки тараптан тең өкүлдөр катышчу. Көмүр чырына байланыштуу аты аталып жаткан Мээрбек Мискенбаев депутаттык кызматка шайланганга чейин “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесин жетектеген.

Калыгул Асамбаев, «Биринчи радио»