Жаңылыктар
Леброн Джеймс тарыхтагы эң мыкты оюнчу болушу мүмкүн
Спорт
Леброн Джеймс тарыхтагы эң мыкты оюнчу болушу мүмкүн

“Лос-Анджелес Лейкерстин” чабуулчусу Леброн Джеймс карьерасында төртүнчү жолу NBAдин чемпиону аталды. 2019,2020-сезондун плей-офф финалында “Лейкерс” командасы “Майами Хитти” 4-2 эсебинде жеңип алды . Джеймс чечүүчү сериянын MVP, тагыраагы эң пайдалуу оюнчусу болуп тандалды. Леброн тарыхта үч башка клуб менен мындай сыйлыкты алган биринчи оюнчу болуп калды. 

Буга чейин чабуулчу эки жолу “Майами Хитте” жана бир жолу “Кливленд Кавальерсде” алган болчу.  Андан тышкары, Джеймс Майкл Джордандын жетишкендигин кайталап, NBAдин тарыхында эң аз дегенде 4 жолу MVP наамын жеңген жана 4 туруктуу сезондун MVP оюнун утуп алган экинчи оюнчу аталды. Муну менен Джеймс баскетбол тарыхындагы эң мыкты оюнчу жөнүндө кайрадан талкуу жаратты.