Жаңылыктар
Хабиб Нурмагомедов жана анын атасы жөнүндө таасирдүү анимациялык видео тартылды
Спорт
Хабиб Нурмагомедов жана анын атасы жөнүндө таасирдүү анимациялык видео тартылды

BT Sport телеканалы көрүүчүлөргө Хабиб Нурмагомедовдун жана анын атасы Абдулманап Нурмагомедовдун карьерасына арналган анимациялык видеотасманы тартуулады. Хабиб менен Джастин Гетжинин ортосунда боло турган беттештин темасында тартылган кыскача видеодо Хабибдин жашоосундагы эң көрүнүктүү учурлар - анын аюу менен күрөшкөнү, Хабибдин атасынын АКШга виза ала албай калгандыгы жана Абдулманаптын өлүмү эскерилет. 

Алдыдагы өтө турган беттеш Хабиб Нурмагомедов үчүн атасы жана машыктыруучусу каза болгондон кийинки биринчи беттеш болот.