Кыргызстандагы "Аялдар кеңеши", "Жоокерлердин энелери" коомдук бирикмелери тышкы карыздан кутулуш үчүн элден жапырт акча чогултуу жөнүндө демилге көтөрүштү.
Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда аталган уюмдардын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган аял-лидерлер жарыялашты.
Депутаттын айтымында, бул демилге тышкы карыздан өз убагында кутулуу максатында көтөрүлүүдө. Карызды төлөөгө салым кошууну каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачылып, комиссия түзүлөт. Демилгечилер чогулган каражат негизинен Кыргызстандын Кытайга карызынан кутулууга багытталарын белгилешти. Мындай сунуштар өлкөдө бийлик алмашкандан бери социалдык тармактар аркылуу да айтылып жаткан.
Кыргызстандын соңку эсептеги тышкы карызы төрт млрд. 106 миллион доллар. Анын бир млрд. 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына бересе экени айтылып келатат. Келишимдер боюнча Кыргызстан карызды 2021-жылдан тартып төлөй башташы керек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү быйыл сентябрь айында сунуш кылган.
Кытай тарап буга жооп бергени тууралуу маалымат таратыла элек.
Кытайдан алынган карыздын көбү негизинен Кыргызстанда жолдорду салууга жана энергетика тармагына жумшалган.