Жаңылыктар
Калкты турак-жай менен жеткиликтүү камсыздоого болгон аракеттер
Экономика
Калкты турак-жай менен жеткиликтүү камсыздоого болгон аракеттер

“Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” мамлекеттик программасы - жөн гана ипотекалык насыялоо эмес. Турак-жай ар бир жаранга жеткиликтүү болушуна кам көргөн бул программа өлкөнүн баардык аймактарын камтыганды көздөп жатат. 

Президент  Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен жакын арада мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан мугалимдерге, дарыгерлерге жана социалдык кызматкерлерге үстөк пайызы төмөн насыя бериле баштайт. 

Бирок улуттук валюта - сом менен берилүүчү насыяны алуучу кызматкерлер кимдер, дегеле айлыгы төмөн кызматкерлер насыяны төлөй алабы? Мындай суроого баш катыргандар көп.

Ал эми, өкмөт өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө  жеткиликтүү турак-жай долбоору ири шаарларды гана эмес,  бүтүндөй өлкө аймагын камтыйт. Насыянын негизги бөлүгүн орус-кыргыз өнүгүү фонду каржылап, кредиттин алгачкысы ушул айдын аягынан тарта бериле баштамакчы. 

Ага ылайык, мындай арзан турак-жайлуу болуш  үчүн албетте мамлекеттик кызматта иштеп, 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбага ээ болуу шарт. Дагы бир негизги талап турак-жайы жок болушу керек жана ипотекага бериле турган батирдин наркынын алгачкы төлөм акысын, тактап айтканда 30% төлөөгө туура келет.

Андан кийинки калган сумманы мамлекет насыя катары 12 % үстөгү менен 15 жылдык убакытка берет.  Анын кандайча ишке ашканы жатканы тууралуу кененирээк Мээрим Бакир кызынын сюжетинде: