Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2015-жылда аткарган ишин жактырды
Экономика
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2015-жылда аткарган ишин жактырды

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2015-жылда аткарган иши тууралуу маалыматын жактырды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов былтыр өлкөдө банк тармагынын негизги көрсөткүчтөрүндө өсүштөр болгонун жана Улуттук банк каржы рыногундагы абалды туруктуу кармай алганын билдирди. Талкуунун жүрүшүнөн кабарчыбыз Нургуль Жумабекованын репортажы.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк былтыр жакшы көрсөткүчтөр менен жылды жыйынтыктаганын билдирди. Экономикалык кыйын кырдаал, дүйнөлүк каатчылык тооруп турган учурдан жеңил өтүүгө мүмкүн болду. Тескерисинче банк тармагынын негизги көрсөткүчтөрү боюнча анча-мынча жылыштар байкалган. Коммерциялык банктардын насыя көлөмдөрү 26 пайызга көбөйүп, 94 млрд сомду чапчыган. Валюта базарындагы доллардын кунунун кескин өсүшүн турукташтырууга убагында чаралар көрүлүп, доллардан арылуу саясаты колго алынган.


 Талкуу маалында Улуттук банкта болгон чыгымдарды кыскартуу, бюджеттик каражатты үнөмдөө аракеттерине кызыккан депутаттар болду. Коммерциялык банкта орточо бир жарым миңге чейин кызматкер иштей турганын мисал келтирген Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкта болгону 700 кызматкер эмгектенээрин, аймактарда болгону 15 кызматкер иштеген бөлүмдөр бар экенин билдирди. Мындан улам Улуттук банк маяна жана башка чыгымдарга артык баш каражат сарптайт деген депутаттар болду.

Соңунда палата Улуттук банкка 2017-жылы мамлекеттик уюмдардагы эсеп-чотту накталай эмес формага өткөрүү сунушталды. Башкы банктын маалыматы боюнча былтыр акчанын көлөмү 63төн 74 млрд сомго чейин өскөн. Ошол эле учурда 2015-жылы банктар аркылуу млрд сомго чейин насыя берилген. Ал эми быйыл бул сумма болжолдуу жарым млрд сомго чукулдаган. Жыйынтыгында депутаттар Улуттук банктын маалыматын жактырды. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118