Жаңылыктар
КТРК: Табияты кыргыз жергесине окшош Швейцария тууралуу көрсөтүү
Кыргызстан жаңылыктары
КТРК: Табияты кыргыз жергесине окшош Швейцария тууралуу көрсөтүү

Кыргызстанды экинчи Швейцария деп коёт. Мына ошол табияты кыргыз жерине окшош өлкө тууралуу даярдалган берүүнү эми КТРКнын көрөрмандарына көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Жер жөнүндөгү ыр” долбоорунун автору Жамбы Жусубалиеванын Швейцария тууралуу берүүсү бүгүн КТРКда көрсөтүлөт. Анда Швейцариянын маданияты, тарыхы жөнүндөгү көрсөтүү эфирге кыргыз тилинде чыгат. 

Буга чейин Швейцария тууралуу тартылган тасма орус тилинде көрсөтүлгөн. Анда калкы ар кыл этникалык курамдан куралып, ар кайсы тилде сүйлөгөн тарыхы, алардын маданияты эле эмес, Швейцариянын азыркы көрүнүшү да кенен сүрөттөлгөн. Аны көргөндөр атына-заты жарашканын айтууда. Себеби, тасма “Швейцария деген болгон экен” деп аталат. Фильмдин аты эле көрүүчүлөрдү арбап алгандай.

Шар аккан суу, ак мөңгүлүү тоо, көк жайык. Булар Кыргызстандын табиятына окшош жактары. Мындан улам, Кыргызстанды экинчи Швейцария деп коёт. Ошол жаратылышы, жолго салынган туризми менен дүйнө элин багындырган Швейцариядан тартылган тасма буга чейин орус тилинде КТРКда көрсөтүлгөн. Анда өзгөчө Кыргызстанга окшош жактары көпчүлүктүн көңүлүн тапты.

Албетте экономикалык абалы боюнча эки өлкөнү салыштырып болбойт. Бирок жашоосуна сүңүп кирсең, окшош жактары өтө эле көп. Долбоордун автору буга чейин Швейцарияда 5 жыл жашап, иштеп келген. Эки мамлекеттин окшоштуктарын жакшы билет. Анын айтымында, Швейцариядагыларда Кыргызстан тууралуу жалпы маалыматты билет. Бул анын бир далили. Кадам сайын ар кыл цивилизациянын калдыктары жана ар улуттун маданияты кезиккен Швейцария тууралуу тасманы тартууга бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги жардам берен