Кыргызстандык спортчулар оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.
КРнын оор атлетика федерациясы билдиргендей, мелдеш 11-18-ноябрь күндөрү онлайн режиминде өтөт. Эскерте кетсек, буга чейин мелдешти Перуда өткөрүү пландалган.
Учурда улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы 5 спортчуну жарыялады.