Жаңылыктар
Батирден же акчадан жок курулуш компанияга алдангандар
Кыргызстан жаңылыктары
Батирден же акчадан жок курулуш компанияга алдангандар

Бөлүп төлөө шарты менен батир сатып алгандар кыргыз-корей биргелешкен “Алим-Курулуш” фирмасына алданып калышканын Ош шаарынын тургундары айтып чыгышты. Нааразы тарап батир акысын төлөп бүткөндөрүнө карабай, аталган курулуш компания ошол эле батирлерди, банкка күрөөгө коюп, андан ары да башкаларга сатып жиберген дешет. Ал эми ишкананын өкүлдөрү талаштуу маселеге сот гана чекит коёрун билдирүүдө. Тараптардын пикирлерин кабарчыбыз Миргүл Бокошева угуп келген.

Урмат Эргешов 2014-жылы “Ош-Ордо” турак жай комплексинен үч бөлмөлүү батир алган. Ал турак-жайга төлөнүүчү сумманы кыргыз-кореялык “Алим-Курулуш” биргелешкен фирмасынын казынасына төлөп бүткөнү менен эки жылдан бери батиринин документин ала албай убара.



Азыр 32 жарандын колунда компаниянын мөөрү басылган эсеп-дүмүрчөктөн башка, бир да кагаз жок. Батир алуучулар Мамлекеттик каттоо кызматына да, нотариуска да кайрылбай акчасын компаниянын жетекчилерине кармата берген. Вонг Сонг Пилди сотко берген кореялык төрт инвестордун арызын караган сот отуруму тараптардын келбей калышынан дагы кийинкиге жылдырылды.

Азыр “Алим-Курулуш” компаниясынын Оштогу кеңсеси жабык. Ишканасынын директору Вонг Сонг Пил, алты ай мурда өз мекенине кетип калганы айтылууда. Ал эми компанияда 33 пайыздык үлүшү бар делинген котормочу Залкар Боробаев бизге пикир билдирүүдөн баш тартты. Башталган чыр жабыла электе эле ортодо жаңы фирма түзүлүп, "Алим-Курулуштун" мүлкү ошол ишканага өтүп кеткени айтылууда. Батир алгандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылып, кылмыш иш козголгон. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118