Жаңылыктар
Өзбекстан студенттерди салттуу билим берүү форматына кайтарууга ниеттенүүдө
Билим
Өзбекстан студенттерди салттуу билим берүү форматына кайтарууга ниеттенүүдө

Өзбекстандын Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги Telegram-каналы аркылуу студенттер менен ата-энелердин арасында салттуу билим берүү форматына кайтуу боюнча сурамжылоо жүргүзө баштады.

Мекемеден билдиришкендей, онлайн-сурамжылоонун жыйынтыгында өлкөдөгү жогорку окуу жайларды салттуу билим берүү форматына кайтаруу-кайтарбоо чечими кабыл алынат.

Ал ортодо студенттер аудиторияларга пандемия аяктагандан кийин гана кайтууга болорун билдиришүүдө. Ташкентте окуган Нигина аттуу хорезмдик студент салттуу билим берүү форматына кайтуу ата-энелердин көбүнө кошумча түйшүк жаратат деп эсептейт.

– Ташкентке баргандан кийин жатакана издеш керек болот. Эки ай окусак кайра каникул болот. Кайрадан түйшүк, кайрадан чыгым болот. Карантинден улам атам жумушсуз калды. Азыр ата-энелердин көбүндө балдарын борборго жөнөтүүгө акчасы жок. Ошондуктан үйдө отуруп эле аралыктан окуган жакшы, – деди ал.

Уулу Ташкенттеги окуу жайлардын биринде билим алган Самарканддын тургуну студенттер университеттерге бара баштаса, коронавирус жуктургандар көбөйүшү мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.

– Уулум Ташкентке барса башка балдар менен жатаканада бир бөлмөдө жатышы керек болот. Студенттер бири-бирине коронавирус жуктурбайт деп ким кепилдик берет? Уулум экөөбүз интернетке кирип, салттуу билим берүү форматына кайтууга каршы добуш бердик», — деди ал.

Көпчүлүк социалдык түйүн колдонуучулары да бийликтин студенттерди окуу жайларга кайтаруу планын сынга алып жатышат.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы 125 жогорку окуу жайдын бардык студенттери аралыктан билим алышууда.