Жаңылыктар
Британ ишкери М. Бакиевди сотко берди
Кыргызстан жаңылыктары
Британ ишкери М. Бакиевди сотко берди

Британ ишкери Шон Дейли Улуу Британияда Максим Бакиевди сотко берди. Ишкердин доо-арызы алтын кен үчүн берилчү 300 млн фунт стерлингдин айланасындагы талаштан улам, Максим Бакиев аны өлтүрүүгө буйрук бергиндигине байланыштуу болууда. Daily Mail басылмасы жазгандай, 2006-жылы 56 жаштагы Шон Дейлинин компаниясы Кыргызстанда Жерүй алтын кенин иштетүүгө лицензияны утуп алууга аракет кылган, бирок ага атаандаш катары чыккан компанияны Максим Бакиев колдоп турган.

Дейли ошол убакта Максим аны өлтүртүүгө буйрук бергенин тастыктоодо. 2006-жылы ал баласы менен Бишкектин ресторандарынын биринен чыгып келатканда кол салуу болуп, бирок ишкер аман калган. 

Кийинчерээк ал Британияга кетүүгө аргасыз болгон. Шон Дейли Максим Бакиев учурда Лондондун Кингстон апон Теймс районунда 3,5 млн фунт стерлинг турган үйдө жашап жатканын айтып, андан кол салуу үчүн жөлөк пул өндүрүүнү көздөөдө. Эске салсак, Максим Бакиев 2014-жылы Кыргызстанда британ ишкерин өлтүртүүгө буйрук бергендиги боюнча күнөөлүү деп табылган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118