Жаңылыктар
Коронавирустун дагы бир жаңы белгиси аныкталды
Дүйнө
Коронавирустун дагы бир жаңы белгиси аныкталды

Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык абал оорлошуп, инфекциясынын экинчи толкуну күч алды. COVID-19 илдети 189дан ашык өлкөнү каптап, бүгүнкү күндө вирус 40 млн 50 миң 902 адамдан аныкталды. Тилекке каршы кооптуу тумоо 1 млн 113 миң 750 адамдын өмүрүн алып кетти.

Аргентина коронавирус жуктургандардын саны миллиондон ашып, жугуштуу тумоо тез жайылып жаткан дүйнөдөгү бешинчи өлкө болду. Өткөн суткада Аргентинада оору 12 миң 982 адамдан аныкталып, бир күндө 451 бейтап каза болду. Кайтыш болгондордун жалпы саны 26 миң адамдан ашты.

Опурталдуу абалга байланыштуу барган сайын ар кайсы мамлекетте вируска каршы күрөшүү чаралары күчөтүлүүдө. Түндүк Ирландиянын Уэльс бийлиги Улуу Британиянын премьер-министринин буйругун күтпөй эле эки жумалык обочолонуу режимин жарыялады. Ресторан, бар, мейманканаларга чектөө киргизилип, көпчүлүк дүкөндөр жума күнү кечинде иштеген жок. Жашоочуларга ооруканага же дүкөнгө гана барууга уруксат берилет.

Чехия жана Бельгия бийлиги эпидемиологиялык абал курчуганына байланыштуу коңгуроо кагууда. Бул жерде тумоого чалдыккандар эң көп катталып жатат. Бельгия бийлиги ооруканаларда инфекцияны жуктуруп алгандар көп аныкталгандыктан, шашылыш эмес операцияларды кийинкиге калтырууда. Өлкөдө коменданттык саат киргизилип, коомдук тамактануучу жайлар бир айга жабылды.

Сербия мамлекети учурда агылып келе турган бейтаптардын жаңы толкунуна даярданууда. Белграддагы Арена көргөзмө борбору 510 бейтапка ылайыкталып жасалууда. Польша андан үлгү алып, борбордук стадионун коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу үчүн медициналык борборго айлантты. Сербияда акыркы бир нече жумада эпидемиологиялык абал кескин начарлап кетти. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги кырдаалды курчутуп жатат.

Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанда дагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланшытуу Кыргызстанда мектеп босогосун аттаган жеткинчиктерден тарта 11-класска чейинки окуучулар бардыгы окуусун онлайн режимде улантмак болду. Казакстан менен Өзбекстанда кайрадан мектептерди ачып, салттуу окууну баштайлы дегени менен кайра эле жапканга туура келүүдө. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарлаганына карата кабыл алынып жатат.

Ошол эле учурда америкалык окумуштуулар коронавирустун жаңы белгилери табылганын билдиришти. Буга чейин коронаривустун негизги белгилеринин бири дене табынын көтөрүлүшү, кургак жөтөл, энтигүү, көкүрөктүн кысылуусу, баш оору, дем алуунун начарлашы болсо, эми дагы бир жаңы симптому аныкталды. Адам коронавируска чалдыкканын угуусу начарлаганынан билсе болот. Изилдөөдө коронавирус кабылган айрым бейтаптар тиннитуска, тагыраагы кулагында заңылдаган үн жаңырып жатканына даттанышкан. Мындан тышкары коронавирустун оор түрү менен ооругандардын кулагы такыр укпай калган учурлар болгон. Адистер тиннитус башка ооруларды да коштоп жүрөөрүн айтышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби - жөнөкөй, бирок, маанилүү санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Изилдөөлөр боюнча ооругандардын 80 пайызынын 20на жөнөкөй эрежелерди сактабагандык себеп болгон. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап кийип, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык талаптарды аткарышы зарыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби - жөнөкөй, бирок, маанилүү санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Изилдөөлөр боюнча ооругандардын 80 пайызынын 20на жөнөкөй эрежелерди сактабагандык себеп болгон. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап кийип, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык талаптарды аткарышы зарыл. 80 пайызынын 20на жөнөкөй эрежелерди сактабагандык себеп болгон. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап кийип, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык талаптарды аткарышы зарыл. адам дагы, дени сак адам дагы беткап кийип, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык талаптарды аткарышы зарыл.