Жаңылыктар
АКШда футболдук беттеш учурунда белгисиз адам ок чыгарып, бир адам көз жумду
Дүйнө
АКШда футболдук беттеш учурунда белгисиз адам ок чыгарып, бир адам көз жумду

АКШда Джексонвилла мектеп командаларынын ортосундагы футболдук беттеш белгисиз адамдын ок чыгарганынан улам үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу TMZ билдирет.

Белгисиз адам автоматтан ок чыгарып, окуя болгон жерден унаа менен качып кеткен. Кол салуудан жети жаштагы бала жаракат алып, анын 27 жаштагы атасы каза болду. Футбол беттешине келгендердин бири видеону тартып алып, Фейсбукка жайгаштырган. Бирок кадрга кол салуу учуру түшпөй калган.

Полиция кылмышкерди издей баштады. Алдын ала версия боюнча, атасы менен баласына кол салуу пландалган.