Жогорку Кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, мындай чечим 21-октябрда БШКнын мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо жараксыз деп табылган.