Сууга чөгүү — дем алуу жолуна суунун толушу. Көбүнчө көлмөгө, чанда ваннага түшкөндө болушу мүмкүн. Сууга чөккөндөн 3—5 минута өткөндөн кийин дем алуу токтойт, ал эми жүрөк бир аз убакыт иштеп турат. Айрыкча балдар сууга көп чөгөт. Көп учурда чөккөн адамга жүрөгү токтогондон 5—6 минут өткөнчө алгачкы жардам көрсөтүү менен аман алып калууга болот. Мындан улам эс алып жүргөндөр, же жөнөкөй жарандар сууга чөккөн адамга жардам көрсөтүү ыкмаларын билүү керек.
- Сууга сүзгөндү билбегендер;
- Узакка сүзүп чарчаганда сууга жакшы сүзгөндөр да чөгүп кетүүсү мүмкүн;
- Чумкуганда суу түбүндөгү нерсеге урунуп алууда, айрыкча тааныш эмес жерге түшкөндө да кырсыкка кабылуу көрүнүшү жогору;
- Күнгө ысып туруп сууга түшкөндө, дене кескин муздаганда, спирт ичимдиктерин да ичип чөгүү ыктымалдыгы бар.
Сууга чөгүп бараткан кишини куткаруудагы эрежелер тууралуу сиздерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматы башкармалыгынын башчысы Мелис Назарбеков айтып берди.
Эсиңизде болсун!
- Чөгүп бараткан адамды көбүнчө чабак уруп барып, сактануу куралы жок, сактоочу станциялардан алыс болгондо сактап калууга туура келет.
- Адегенде чөгүп бараткан жерге жакыныраак жээкке чуркап жетип, чечине салып, сууга кирип, ылдам сүзүү керек.
- Эгер адам суу түбүнө чөгүп кетсе, сууга чумкуп кирип, түбүн бойлой сүзүп издейт.
- Сууга чөккөңдө суунун температурасынын мааниси чоң. Муздак сууга чөккөндө дене тез муздап, организмдеги алмашуу процесси жайлап, кычкылтек жетишсиздигине туруктуураак болуп калат. Бул чөккөн кишини тирилтүүдө мааниси чоң.
Эгерде адам өмүрүнө коркунуч келе турган чукул кырдаалды байкасаңыз, же кырсыкка кабылып жардам керек болуп калса, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республиканын бардык аймактарындагы бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар, ошондой эле аталган министрликтин ыкчам тобунун 112 телефонуна чалыңыздар.
Алдын ала берилген эскертүүлөргө көңүл коюп, өзгөчө кырдаалдарга камбыл болуңуз!
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"