Жаңылыктар
160 сойку каттоого алынды
Кыргызстан жаңылыктары
160 сойку каттоого алынды

Бишкек шаарын Рамазан айы жана туристтик сезон учурунда сойкулардан арылтуу багытында рейддер жүргүзүлүүдө. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейинки жүргүзүлгөн иш аракетте 160тан ашуун кыз-келиндердин борбор шаарда коомго жат кесипти аркалап жүрүшкөндүгү аныкталды. Милиция кызматкерлери  шаарды сойкулардан арылтуу  жумуштары  токтобостон жүрүп турарын билдиришет. Коомчулук өкүлдөрү  сойкулук менен күрөшүүдө мыйзамга катаал чараларды киргизүү менен гана азайтса болорун айтышты.

Көпчүлүк денесин саткан кыздарды үч топко, тактап айтканда, арзан, орто жана кымбат баадагы  кыз-келиндер  деп бөлүп карашат экен. Арзан баада сойкулар Ош базарынын тегереги жана айланма жолдордо, орто баадагылары Абдрахманов, Алматы жана Совет көчөлөрүндө турушат. Ал эми  кымбат баадагы сойкулар караоке клубдар, сауналарда кардар тейлешет. Ошол эле маалда, жума күндөрү  Казакстанга барып иштеп келген  кыздар бар экендиги тууралуу маалыматтар айтылып келет. Түнкү көпөлөктүрдү калкалап келген милиция кызматкерлери жана аткаминерлер бар экендиги тууралуу маалыматтар айтылып келет. Бирок алар тууралуу азырынча так маалыматтар жок, иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын  Бишкек шаардык ички иштер  башкы  башкармалыгынын басма  сөз катчысы  Олжобай Казабаев кошумчалап кетти.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”