Жаңылыктар
Таиланд туристтер үчүн чек арасын ачты
Дүйнө
Таиланд туристтер үчүн чек арасын ачты

Таиланд бийлиги чет элдик туристтер үчүн атайын виза бере баштады. Жети айлык тыюудан кийин Кытайдын Шанхай шаарынан 39 кишиден турган туристтер тобу 20-октябрда алгачкы болуп Таиландка келишкенин Channel News Asia жазды.

Маалыматта атайын виза туристтердин Таиландда эркин жүрүүсүнө жол бербейт деп белгиленет. Анткени өлкөгө келгенден кийин, туристтер мейманканада же ооруканада 14 күн карантинде болуш керек. Ошондой эле адамдар Таиландга учаардан мурун ПЦР тестинен өтүшү зарыл.

Мындан тышкары, туристтер өлкөдө жүргөндө кыймылдарды көзөмөлдөөчү атайын коронавирус тиркемесин колдонууга аргасыз болушат. Өткөн жылы Таиландга 40 000 000 турист келген жана туризмден түшкөн киреше өлкөнүн ИДПсынын 10% дан ашыгын түзгөн.