Жаңылыктар
ИИМ: опузалоого шектелген жаран кармалды
Кылмыш
ИИМ: опузалоого шектелген жаран кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери криминалдык чөйрөдө белгилүү болгон мурда соттолгон отуз төрт жаштагы жаранды кармашты. Ал опузалоо жасоого, башка бирөөнүн мүлкүн коркутуу менен тартып алууга  шектелип жатат. 

Ушул жылдын 20-октябрь күнү Ош облусунун аймагында жергиликтүү жашоочулардын акча каражаты менен мүлктөрүн талап кылууга  байланышкан укукка каршы аракеттерге тиешеси бар шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүштү. Жакында ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу анын укуктарын менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүү суранычы менен кайрылган. Арызында бир нече айдан бери криминалдык авторитет коркутуу жолу менен 100 миң сом жана жер тилкесин талап кылып жаткандыгы көрсөтүлгөн. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Опуза талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районунун аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында,  талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 10 миң сомду  накталай алып жаткан жеринен мурда соттолгон Ош облусунун жашоочусу Ж.У. кармалды. Бул акча каражаты далил катары алынды. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын маалымат боюнча  кармалган жаран Ж.У. Россия Федерациясында каракчылык менен соттолгон. 

“Положенец” макамына ээ. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүкатары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.