Жаңылыктар
Жаңыдан ачылган ишканалар салыктын 4 түрүнөн бошотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңыдан ачылган ишканалар салыктын 4 түрүнөн бошотулат

Ош жана Бишкек шаарларынан башка бардык аймактарда 100 миллион сомдан ашык капитал салып жаңыдан ачылган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейин, салыктын 4 түрүнөн бошотулат.

Мындай сунуштагы мыйзам долбоору жогорку кеңештин тармактык комитетинде каралып, кызуу талкууну жаратты.  

Белгилей кетсек “Аймактарды артыкчылык менен өнүктүрүү” деп аталган бул мыйзамдын долбоору үстүбуздөгү жумада ЖК “Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде “ каралып 2- окууга жөнөтүлдү.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”