Жаңылыктар
Москвалык блогер токойдо жашаган кыргыз жигитке жардам берди
Дүйнө
Москвалык блогер токойдо жашаган кыргыз жигитке жардам берди

Россиялык блогер кыргызстандык үйү жок кишинин мекенине кайтып келүүсүнө жардам берди. Бул тууралуу видео Abracadabra YouTube каналына жарыяланды. Аталган YouTube канал көптөгөн адамдарга жардам кылып, алардын көйгөйүн чечүү аракетин көрүп келет.

 Бул жолкусунда бир орус жараны блогерге кайрылып, кыргызстандык Азатбекке жардам кылуусун суранган. Блогер, Азатбектин жашаган жерине барып, эмне көйгөй бар экенин, кантип күн көрүп жатканын сурап баарлашкан. Азатбек Россияда канча убакыттан бери экенин жана башынан өткөргөн окуяларын айтып берген.

Жыйынтыгында блогер Азатбекти дүкөнгө алып барып кийинтип,  анан Кыргызстанга билет менен кошо акча берип салып ийген.