Жаңылыктар
УКМК: Коррупциялык жана кызматтык сырды ачыкка чыгаруу фактылары аныкталды
Коррупция
УКМК: Коррупциялык жана кызматтык сырды ачыкка чыгаруу фактылары аныкталды

Сот тутумунда коррупция жана жашыруун сырды ачыкка чыгаруу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. 

Мекеме тараткан маалыматта “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол берилгени тастыкталган. Ага тиешеси бар Жогорку соттун кызматкерлери жана Ай-Ти компаниянын өкүлдөрүнүн аты-жөнү такталып, “Коррупция” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. 

2016-жылы Европа Биримдиги “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууга гранттык каражат бөлгөн. Аны аткаруу милдетин алган “ЦБИ” компаниясы талапка ылайык келбеген эски программаны колдонгон. Бул фактыны жашыруу үчүн Жогорку соттун жетекчилиги башка компания менен келишим түзүп, бюджеттин эсебинен дагы 8 миллион сом сарпталганын УКМК билдирди. Мындан сырткары мурдагы ишкана жашыруун сактала турган маалыматтарды ачыкка чыгарып келгени аныкталган.