Жаңылыктар
Адистер дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактардын колдонуучуларынын санын эсептешти
Дүйнө
Адистер дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактардын колдонуучуларынын санын эсептешти

Эл аралык We Are Social агенттигинин эксперттери социалдык тармактардын бир айлык аудиториясы төрт миллиард колдонуучуга чейин өскөндүгүн эсептеп чыгышты, демек, дүйнө калкынын 53%  интернет профили бар.

Изилдөөгө ылайык, акыркы жылы эле социалдык тармактарга 450 миллион адам кошулган. "Келечекте күн сайын дагы эки миллион жаңы колдонуучу Facebook, Twitter жана башкаларга кошулат, бул секундасына болжол менен 14 адамды түзөт" деп изилдөөнүн авторлору болжолдогон.

We Are Social социалдык тармагынын колдонуучуларынын санынын өсүү темпи феноменалдуу деп айтышууда. Instagram эң ылдам өскөн: акыркы үч айда анын аудиториясы 76 миллион жаңы колдонуучу менен толукталды. Бирок колдонуучулардын жалпы саны боюнча социалдык тармак дагы деле Facebook, Youtube жана башка платформалардан утулуп жатат, - деп белгилейт We Are Social.