Жаңылыктар
АКШда кышкы бороон башталды
Дүйнө
АКШда кышкы бороон башталды

АКШнын түндүгүндө кышкы бороон болуп, рекорддук көлөмдө кар жаады. Бул туурасында The Watchers билдирет. Монтана, Айова жана Миннесотада кар жаашы боюнча рекорддор жаңыртылды. 33 миңден ашуун тургун электр энергиясыз калды.

Аба ырайынын кесепетинен 1100дөн ашык жол кырсыгы катталды. Эң көп жабыр тарткан Монтана штаты болду. Ал жерге 35 сантиметрге чейин кар жаады.