Жаңылыктар
Таиландда газ түтүгү жарылып, 2 адам көз жумду
Дүйнө
Таиландда газ түтүгү жарылып, 2 адам көз жумду

Таиланддын Самутпракан провинциясында 22-октябрь күнү газ түтүгүндө жарылуу болуп, эки адам каза болду. Бул туурасында The Pattaya News билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылууда 20га жакын адам жаракат алган. Андан сырткары полиция бөлүмү, 20дай унаа жана 10 үй жабыркаган.

Кырсык Азия Суварнабхуми өнөр жай паркынын аймагында болгон.