Жаңылыктар
Бразилия токойдогу өрттү өчүрүүнү токтотту
Дүйнө
Бразилия токойдогу өрттү өчүрүүнү токтотту

Бразилиянын айлана-чөйрөнү коргоо институту (Ibama) каражаттын жетишсиздигинен улам өлкөдөгү токойлордо болуп жаткан өрткө каршы күрөшүү боюнча бардык иш-чаралар токтотулганын жарыялады.

Бул тууралуу РИА Новости бразилиянын мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Токойдогу өрттүн алдын алуу жана күрөшүү боюнча Улуттук борбордун ишинин алкагында иштеген бригаданын мүчөлөрүн чакырып алуу жана өрт өчүрүүнү токтотуу чечими ресурстардын түгөнгөндүгүнө байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик агенттик ишин улантуу үчүн атайын насыяларга жана каражаттарга кайрылган, бирок мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн суммасы буга чейин эле 3,4 миллион долларга жеткен.