Жаңылыктар
Трамп президент болуу каалоосун түшүндүрдү
Дүйнө
Трамп президент болуу каалоосун түшүндүрдү

Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуу каалоосун түшүндүрдү. Бул тууралуу ал АКШдагы президенттик шайлоого Демократиялык партиянын талапкери Джо Байден менен дебат учурунда билдирди, деп жазат РИА Новости.

Трамптын айтымында, ал президенттикке Барак Обама жана ошол кезде вице-президент болгон Байден үчүн гана барган. 

«Силер өз ишиңерди начар аткаргансыңар. Эгер жакшы иштегениңерде, мен эч качан президенттик шайлоого катышпайт элем», - деди ал.

Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо алдындагы Дональд Трамп менен Джо Байден ортосундагы акыркы дебат болуп өттү.