Жаңылыктар
Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндө ММА боюнча мыкты деп табылды
Спорт
Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндө ММА боюнча мыкты деп табылды

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүндө ММА боюнча мыкты деп табылды. Бул тууралуу ТурСтат порталы жазып чыкты. 

Аталган портал КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты мушкер кыз-келиндердин тизмесин түзүү үчүн сурамжылоо өткөргөн. Тизменин алдыңкы ондугуна Кыргызстандан Валентина Шевченко жана Антонина Шевченко, Казакстандан Мария Агапова, Грузиядан Лиана Жожуа, Россиядан Анастасия Янькова, Яна Куницкая, Ирина Алексеева, Молдовадан Александра Албу, Белорустан Лилия Казак, Өзбекстандан Лилия Шакирова кирген. Валентина Шевченкого жалпы 25% добуш берилген. Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер 2018-жылы UFC уюмунда эң жеңил салмакта чемпион болгон. Андан кийин чемпиондук курун үч ирет коргоп калган.