Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарындагы мончо жана чайканалар текшерилүүдө
Аймак
Жалал-Абад шаарындагы мончо жана чайканалар текшерилүүдө

Жалал-Абад шаарындагы мончо жана чайканалар текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге тийиштүү жетекчилер жана тармактардын өкүлдөрү катышып, кайдыгерликтен улам илдетке кабылгандар көбөйүп жатканын билдиришти. Ага кошо буга чейин берилген эскертүүлөргө моюн сунбаган тараптарга шаардык санитардык көзөмөлдөө борбору тарабынан айып пул салынды.

Кыдыруу учурунда ичиндеги адамдарды жашырып иштеп жаткан мончо жана чайканалар аныкталды. Буга чейин шаардык штаб тарабынан мончо, чайкана жана тойканалардын иштөөсү убактылуу токтотулган.