Жаңылыктар
Шанхай кызматташтык уюмунун саммити
Саясат
Шанхай кызматташтык уюмунун саммити

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Президент Алмазбек Атамбаев тар чөйрөдөгү жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты. Анда өлкө башчы коопсуздук маселелерине көңүл бурууга, учурда коопсуздук маанилүү экенин, бул жаатта биргеликте аракеттенип, чогуу күрөшүүгө чакырды. 

“Бул жылы биздин уюмга 15 жыл толду. Уюм өнүгүүдө. Аны менен бирге бизди курчап турган чөйрө өзгөрүп, биздин алдыбызда ар кандай чакырыктар жана коркунучтар турат. Коопсуздукту бузууга ИГИЛдин жана башка топтордун мүчөлөрү киришип жатат. Биз коңшубуз Ооганстандын тынчсыздануусун тең бөлүшүп, аймактагы абал Бириккен Улуттар Уюму координциялап жаткан бардык кызыкдар тараптар аркылуу саясий жол менен жөнгө салынышы керек”, - деди Президент. 

Бул процесстерге ШКУга байкоочу болуп турган Ооганстан өзү да катышып, аймактагы коопсуздук ар бир мамлекеттин көңүл борборунда болушу керек деген пикирин билдирди.