Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда рейд учурунда 3 жаран баңги зат менен кармалды
Кылмыш
Ысык-Көл облусунда рейд учурунда 3 жаран баңги зат менен кармалды

Ысык-Көл облусунда баңги затын ташыган үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакта атайын "Транзит" операциясы жүргүзүлгөн. Райондун айланма жолунун тегерегинде мобилдик посттор орнотулду. Түп районунда Чүй облусунун 26 жаштагы тургунунун башкаруусундагы БМВ унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда, запастагы дөңгөлөктөн жапайы өскөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар зат салынган баштык табылган.  Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн марихуана болуп чыкты.
Каракол - Бөкөнбаев - Балыкчы унаа жолунда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын 34 жаштагы айдоочусунан  беш килограмм марихуана  бар экени аныкталды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын 35 жаштагы тургуну кармалган. Андан 45 грамм гашиш табышкан.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.