Жаңылыктар
3-ноябрдан 8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарында Көк-Бөрү боюнча Президенттин Кубогу өтөт
Спорт
3-ноябрдан 8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарында Көк-Бөрү боюнча Президенттин Кубогу өтөт

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин эгемендик күнүнө арналган көк-бөрү боюнча Президенттин Кубогу өтөт. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеште жогорку жана I-лигалардын командалары арасында байгелер ойнотулат. Жыл сайын өтүүчү Президенттин Кубогунун алкагында ат оюндары өткөрүлөт: эр эңиш, ат чабыш жана салбуурун.

Иш-чара республиканын аймактарында улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучулары - Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция менен биргеликте көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана аргымак федерациялары.