Жаңылыктар
Хабиб Нурмагомедов 29-беттешин өткөрүп, карьерасын жыйынтыктады
Спорт
Хабиб Нурмагомедов 29-беттешин өткөрүп, карьерасын жыйынтыктады

24-октябрь күнү Абу-Даби шаарында UFC 254 турнири болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде UFCнин жеңил салмак категориясындагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Джастин Гейтжи беттешти.

Жылдын эң күтүлгөн беттеши көпкө узабай 2-раундда эле жыйынтыкталды. Хабиб Нурмагомедов атаандашына үч бурчтук муунтуу ыкмасын жасап, титулун 3-ирээт коргоп калды. Беттештен кийин карьерасын жыйынтыктаганын айтып, дүйнөдөгү бардык күйөрмандарга жана UFC жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Хабиб Нурмагомедов карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңишке жеткен.