Жаңылыктар
КТРКнын мурдагы кызматкери Аркадий Битюков каза болду
УТРК жаңылыктары
КТРКнын мурдагы кызматкери Аркадий Битюков каза болду

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. 88 жашында мыкты журналист, КТРКнын мурдагы кызматкери Аркадий Битюков каза болду. Ал 1932-жылы Украинанын Ворошиловград облусунун Нижне-Дуван районунда төрөлгөн. Кыргызстанда жашап, орто мектепти Фрунзе шаарында аяктап, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 

Студент кезинде эле поэзия жана макалаларды жазып, гезит-журналдарга жарыялап турган. Киностудияда редактор, андан кийин Кинематография башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, даректүү жана көркөм фильмдерди чыгаруу боюнча редактор болуп иштеген. 

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн инструктору, маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон. Телекөрсөтүү жана радио боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон. Чыгармачыл дарамети менен айырмаланган Битюков 11 жыл КТРКда үзүрлүү эмгектенип, телеканалдын өнүгүшүнө чоң салымынын кошту. Анын Кыргызтелерадиосу тууралуу китеби жарык көргөн. Өмүрүн аягына чейин ар кыл темадагы макаларды жазып жүрдү. 

Эмгектери мамлекет тарабынан бааланып, бир катар наамдардын ээси болгон. Эл аралык "Рухаят" сыйлыгынын лауреаты, КТРКнын мыкты кызматкери жана ардагери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган. Аркадий Битюков КТРКнын жааматынын эсинде адамгерчилиги, жогорку кесипкөйлүгү менен сакталып калат. КТРКнын эмгек жааматы терең кайгыруу менен маркумдун жакындарына көңүл айтат.