Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 13 өрт кырсыгы катталды. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарында 2 өрт, Чүй облусунда - 5, Ош жана Талас облустарында - 2ден, Жалал-Абад жана Баткен облустарында - 1ден өрт кырсыгы катталды. Бишкекте, Красный Строитель конушунда, үйдүн жер төлөсүнүн шыбы күйүп кетти. Күйүү аянты 100 чарчы метрди түздү. Эне-Сай турак-жай аймагында 200 чарчы метр аянттагы куураган чөп күйгөн. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Аламүдүн айылында Хонда Фит унаасы толугу менен күйүп кетти.