Жаңылыктар
Парижде карантинден кийин кылмыштардын саны көбөйдү
Дүйнө
Парижде карантинден кийин кылмыштардын саны көбөйдү

Франциянын борбору Париж шаарында коронавирус пандемиясына байланыштуу карантинден кийин кылмыштуулук көбөйдү. Бул тууралуу Le Parisien гезити Париж полициясынын маалыматтарына шилтеме берүү менен жарыялады.

"Кырдаалга так баа 2021-жылдын январь айында берилиши мүмкүн, бирок кылмыштуулуктун күчөгөндүгү ансыз деле айдан ачык", - деди француз криминалист, профессор Ален Бур.

2019-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, Парижде дүкөндөрдү, кеңселерди жана дарыканаларды тоноо 60% га көбөйгөн, ал эми куралсыз адамдарды тоноо 2,4% га көп катталган.

Ошондой эле, жашы жете электерге жаракат келтирген кол салууларынын саны 22,2% га көбөйгөн (былтыр 18,7%).

Париж бийлиги учурдагы кырдаал менен күрөшүүдө. Шаардын башкы прокурору Реми Эйцтин айтымында, баш калаанын негизги түрмөсүндө туткундардын саны 790 адамга чейин көбөйгөн, ал эми карантин учурунда 595 адам болгон. Анын айтымында, кылмышкерлердин көпчүлүгү наркотикалык каражаттарды колдонгондор.